Эртең, 8-октябрда Бишкекте кросс боюнча өлкөнүн ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Мелдеш Кара-Жыгач сейил багында өтүп, ага жети облустан келген спортчулар катышат.
Катышуучулар төмөнкү ылдамдык боюнча чуркашат:
12-13 жаштагы кыздар - 1 чакырымга;
12-13 жаштагы балдар - 1 чакырымга;
14-15 жаштагы кыздар - 1 чакырымга;
14-15 жаштагы балдар - 1 чакырымга;
16-17 жаштагы кыздар - 2 чакырымга;
16-17 жаштагы балдар - 2 чакырымга;
18-19 жаштагылар - 3 чакырымга;
18-19 жаштагылар - 6 чакырымга;
20 жаштагы кыздар - 6 чакырымга;
20 жаштагы жигиттер - 8 чакырымга чуркашат.