Бустер эмне үчүн керек?

COVID-19 каршы вакциналардын бустердик дозалары – эмдөөнүн баштапкы курсу менен эмделген адамдарга иммундук жана клиникалык коргоо убакыттын өтүшү менен калктын бул бөлүгүндө жетиштүү саналган деңгээлден төмөн түшкөндө сайылуучу вакциналардын дозасы.

COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришкендей, бустердик эмдөө бардык кесепеттерден коргоону жакшыртат жана катуу ооруга каршы эмдөөнүн натыйжалуулугун бир топ жогорулатат. Бустер алгандан кийин таасири 4-6 айга чейин сакталат.

Бустер COVID-19дан улам өлүмгө учуроо коркунучун бир кыйла азайта турганы аныкталган. Экинчи бустердик эмдөөнүн натыйжалуулугу калктын аялуу катмарын, анын ичинде улгайган адамдарды максаттуу иммундоодо өзгөчө жогору турат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштамасына ылайык, толук эмдөөнүн схемасы дүйнө жүзү боюнча коомчулукта жүрүп жаткан вирустун штаммдарына каршы иммунитетке жетишүүнүн маанилүү бир бөлүгү болуп саналат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД