Таалайбек Ибраев энергетика министри болуп дайындалды

Таалайбек Ибраев энергетика министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапапов кол койду.

3-октябрда президент Садыр Жапаров дароо төрт министрди кызматтан алган. Таалайбек Ибраев энергетика министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Кечээ, 6-октябрда парламент анын талапкерлигин колдогон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД