Тилек Текебаев транспорт жана коммуникациялар министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
3-октябрда президент Садыр Жапаров дароо төрт министрди кызматтан алган. Тилек Текебаев транспорт жана коммуникациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Кечээ, 6-октябрда парламент анын талапкерлигин колдогон.