Алтынбек Максутов маданият министри болуп дайындалды

Алтынбек Максутов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

3-октябрда президент Садыр Жапаров дароо төрт министрди кызматтан алган. Алтынбек Максутов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Кечээ, 6-октябрда парламент анын талапкерлигин колдогон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД