Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министри болуп дайындалды

Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

3-октябрда президент дароо төрт министрди кызматтан алган. Уланбек Мамбетакунов билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. Кечээ, 6-октябрда парламент анын талапкерлигин колдогон.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД