"Ак илбирсти сактайлы" марафону. Кайсы көчөлөр жабылат?

Эртең, 9-октябрда Бишкек шаарында "Ак илбирсти сактайлы" эл аралык кайрымдуулук марафону өтөт.

Бишкек мэриясынан билдиришкендей, аталган спорттук иш-чарага байланыштуу саат 6:00дөн баштап марафондун катышуучулары чуркай турган көчөлөр тосулат.

Жабылуучу көчөлөр:

- Чүй проспектиси Манас проспектисинен Ю.Абдрахманов көчөсүнө чейин;

- Абдрахманов (Совет) көчөсү Чүй проспектинен Иманалиев көчөсүнө чейин;

- Иманалиев көч. Абдрахманов көчөсүнө Ч.Айтматова проспектисине чейин;

- Масалиев көч. Абдрахманов көчөсүнөн Ч.Айтматов проспектисине чейин;

- Айтматов көчөсү Иманалиев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин.

Бишкек мэриясы жарандардан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурайт жана маршрутту алдын ала пландаштырып алууну өтүнөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД