Бүгүн Кыргызстанда жалпы республикалык ишембилик өтөт

Бүгүн, 8-октябрда "Таза Мурас" улуттук кампаниясынын алкагында өлкө аймагында жалпы республикалык ишембилик өтөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын президенти тарабынан башталган "Таза Мурас" акциясы 2022-жылдын 31-октябрына чейин уланат.

"Республиканын жалпы жарандарын айлана-чөйрөнү иреттеп-тазалоого, тийиштүү аянттарды көрктөндүрүүгө жана өзүбүз үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө чакырабыз. Экологияга кам көрүү, тазалыкты жана жагымдуу шарттарды түзүү ар бирибизден башталат! Жарандык активдүүлүктү көрсөтүп, четте калба!", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД