Бишкектин Панфилов көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды

Бишкектин Панфилов көчөсү унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Панфилов көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Чыгыш Чоң Чүй каналына чейин бөлүгүндө оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Реконструкциядан кийин жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 9 метрди, узундугу 726 метрди түзүп, жолдун эки тарабына тротуар төшөлүп, жашыл жерлерди сугаруу уюштурулду. Ошондой эле жол белгилери түшүрүлүп, орнотулду.

Эскерте кетсек, жол оңдоо иштери Кытайдын гранттык каражаттарынын эсебинен "Бишкек шаарынын жол тармагын өнүктүрүү" долбоорунун экинчи фазасынын алкагында жүргүзүлдү. Долбоордун алкагында жалпы узундугу 70 чакырымдан ашкан 60 көчө реконструкцияланат, ошондой эле 5 көпүрө курулган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД