Нарын облусунда милиция кызматкерлери ишембиликке чыгышты

Бүгүн, 8-октябрь күнү Нарын облустук ички иштер башкармалыгында жана шаар-райондук ички иштер бөлүмдөрүндө айлана-чөйрөнү тазалыкка келтирүү максатында ишембилик өткөрүлүп жатат. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпы өздүк курамдын аракети менен ОИИБдин жана ШРИИБдин имараттарынын айлана-тегереги, көчө бойлору, арыктар тазаланып, турмуш-тиричилик таштандылары чыгарылды.

Ишембилик "Улуттук тазалык күнү жана 2023-2025-жылдар мезгилинде тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктураны түзүү боюнча иш-аракеттер планы жөнүндө" Жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлүп, шаар-райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери активдүү катышып жатышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД