Кызыл-Кыяда милиция мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Кызыл-Кыя шаарындагы мугалимдер Кызыл-Кыя ШИИБдин милиция кызматкерлери тарабынан сыйланды. Бул тууралуу Баткен ОИИБнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя ШИИБдин начальниги милициянын полковниги Н.Буркановдун демилгеси менен шаар аймагындагы билим берүү мекемелеринде эмгектенген мугалимдер кесиптик майрамына карата сыйланышты.

Балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери менен биргеликте шаар аймагында жаш өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун, укук бузуулардын жана топтошуп мушташуулардын, үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын алдын алуу, укук бузууларга жол бербөө багытында милиция кызматкерлери менен биргеликте жаш өспүрүмдөрдүн ата-энелерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүшүп, алдын алууда кошкон зор салымдары үчүн 7 мугалим Ардак грамоталар менен сыйланышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД