Мамкурулуш агенттигинде ишеним телефону ачылды

Жарандардын кайрылуусунун ыкчамдыгын жана жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу максатында, министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин системасында коррупциялык көрүнүштөрдүн фактыларын алдын алуу жана аныктоо боюнча бирдиктүү ишеним телефону ачылды. Бул тууралуу агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жарандар + 996 (703) 22-78-82 (WhatsApp, Telegram) телефону аркылуу билдирүу калтырса болот.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД