Кыргызстанда ИДПнын көлөмү 9 айда 597 млрд сомду түздү

Кыргызстанда алдын ала баалоого караганда, ички дүң продукттун (ИДП) көлөмү үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында 597 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызмтаы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул 2021-жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу 7,2 пайызга жогору.

"Кумтөр" кен казуу ишканаларын эсепке албаганда, үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында ИДПнын көлөмү 555 млрд сомду түздү жана 4,9 пайызга жогорулады", - деп айтылат маалыматта.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД