ЖАКда каза болгон кызматкерлердин элесине арналган футбол турнири өттү

Акыркы 17 жылда Жаза аткаруу тутумунун 13 кызматкери кызматтык милдетин аткарып жатып каза болуп, 20дан ашууну жарадар болгон, 30дан ашык бала жетим калган. Бул тууралуу Жазык-аткаруу кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жазык-аткаруу кызматынын Бишкек шаарындагы Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жайгашкан жеринде (№7412 аскер бөлүгү) өз өмүрүн берген кесиптештерибизди эскерүү максатында жыл сайын өтүүчү салттуу кичи-футбол боюнча турнир болуп өттү.

Бул жолу легендарлуу коопсуздук кызматкери, өндүрүш ишмери, республиканын Жаза аткаруу тармагын жыйырма жыл жетектеген патриот Самаркул Рыспаевдин 100 жылдыгына карата уюштурулду.

Бул эскерүү иш-чарасынын жүрүшүндө УККнын төрагасы, и/к генерал-майору Аскат Эгембердиев өз сөзүндө С.Рыспаевдин жаза-аткаруу тармагына кошкон зор салымын да, ошондой эле

өз өмүрүн тобокелге салып, кызматтык милдеттерин аягына чейин аткарган курман болгондордун баарынын элесин сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи.

Мелдештин катышуучуларына куттуктоо сөздөрү жана каалоо-тилектери менен ЖАКнын каза болгон кызматкерлеринин жана С.Рыспаевдин жакындары сөз сүйлөштү. Ошондой эле ДОКтун башчысы, аскер полковниги Улан Бердикожоев жана өткөн иш-чаранын негизги демилгечилеринин бири – ЖАКнын ардагерлер кеңешинин жетекчиси, отставкадагы и/к полковниги Алибай Нишанбаевдер каалоо- тилектерин айтышты.

Ардагерлер командасын кошкондо беш команда катышкан беттештердин жыйынтыгы боюнча I орунду ЖАКнын Борбордук аппаратынын курама командасы ээледи. Бардык жеңүүчүлөр спорттук кубок, өзгөчөлөнгөн төш белги, Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, быйылкы күздө Самаркул Рыспаевичтин жүз жылдык мааракесине карата бир катар иш-чаралар пландалууда. Ал эми анын укмуштуудай өмүр баяны тууралуу төмөнкү шилтемеден окуй аласыз: http://gsin.gov.kg/certainnews/953


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД