Молдовановкадагы абакка баңгизат киргизмекчи болгондор кармалды

Молдовановкадагы №1 түзөтүү мекемесине тыюу салынган затты киргизүүгө бөгөт коюлду. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 2022-жылдын 9-октябрында саат 17:00 чамасында Молдовановка айылында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын №1 мекемесинин ыкчам бөлүмүнүн кызматкерлери менен бирге ДОК СИНдин 2-өзүнчө батальонунун 4-ротасы мекеменин аймагына тыюу салынган буюмдарды өткөрүү аракетинин алдын алышкан.

Мекеменин түндүк тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмышка шектүү катары Кыргыз Республикасынын эки жараны – 1992-жылы туулган А.У.А. жана 1990-жылы туулган А.Д.К. кармалды. Алар жалпы салмагы 76 граммды түзгөн, гашишке окшош кара куурай жыты бар кочкул жашыл затты скотч менен оролгон таңгактарды өткөрүп берүүнү көздөшкөн.

Бул факты Чүй облусунун Аламүдүн районунун ИИБге катталып, кармалган жарандар жана чогултулган материалдар кошумча иликтөө иштери үчүн өткөрүлүп берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД