Ала-Арча дарыясы менен Чоң Чүй каналы тазаланууда

"Бишкексуучарба" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ала-Арча дарыясынын нугун кол менен, ал эми Чоң Чүй каналын механикалаштырылган тазалоонун жардамы менен тазалоодо. Бул тууралуу Бишкек мэриясы маалымдайт.

Тазалоо иштеринин алкагында куурап калган бадалдарды жана бак-дарактарды кыркуу, камыш жана башка отоо чөптөрдү чабуу иштери дагы жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, тазалоо күз-жаз мезгилдеринде жүргүзүлөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД