Окуучуларга ИИМдин музейине экскурсия уюштурулду

Окуучуларга ИИМдин музейине экскурсия уюштурулду. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, балдар арасындагы кылмыштуулуктун, укук бузуулардын алдын алуу жана ага бөгөт коюу максатында ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын Балдар менен иштөө бөлүмү атайын иш-чараларды колго алып келет. Өспүрүмдөр арасында маданий-тарыхый иш-чараларды өткөрүү максатында аларды ички иштер органдарынын музейи менен тааныштыруу иш-чарасыуюштурулган. ИИМдин Сагын Наматбаев атындагы музейине Башкарасуу айылындагы Султан Жоошбаев атындагы орто мектебинин, Байтик айылындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы орто мектебинин, Кашка-Суу айылындагы Тойчу Актанов атындагы орто мектебинин жана Байгелди айылындагы сегиз жылдык орто мектебинин окуучулары мугалимдери менен келишти.

Бул экскурсияны Байтик айылына караштуу Коомдук алдын алуу борборунун жетекчиси Малик Ниязалиев жана Аламүдүн РИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын инспектору, милициянын майору Нургазы Ишемкулов уюштурушкан.

Музейдин башкы адиси Гулмайрам Жээналиева окуучуларды ИИМдин музейи менен тааныштырып чыкты. Андан соң музейдин жетекчиси, Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев окуучуларды кабыл алып, Ички иштер министрлигинин музейинин тарыхы жана учурдагы кыргыз милициясынын ишмердүүлүгү тууралуу маек куруп берди. Жолугушуунун аягында Султан Жоошбаев келген меймандардын ар бирине атайын белектерин тапшырып, "Келечекте ар мектеп окуучусу өлкөбүздүн мыкты уул-кыздарынан болгула",- деп батасын берди.

Сөз кезегинде жогоруда аталган мектептердин мугалимдери мектеп окуучуларына туура таалим-тарбия берип жатышкан милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдиришти.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД