Ошто бирөөнү сабаган деп "Касап" каймана аттуу УКТ мүчөсү кармалды

Ош шаарында бейбештыкка шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош шаардык ички иштер башкармалыгына 2022-жылдын 6-октябрь күнү Ош облусунун 1996-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2022-жылдын 4-октябрь күнү болжол менен саат 03:00 чамасында Ош шаарынын Ленин көчөсүндө орун алган "Лофт" кафесинде отурган жеринен ага бейтааныш болгон жаран эч себепсиз бычак такап, аны уруп кетишкендигин билдирген.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Ош шаардык ички иштер башкармалыгына катталып, териштирүү иштери жүргүзүлө баштаган.

Жогорудагы кылмышты жасаган атуулдун өздүгүн тактоо максатында зарыл болгон ыкчам иликтөө иш-чаралары жүрүгүзүлүп, жыйынтыгында жабырлануучуну уруп, денесине жарат келтирген атуул криминалдык чөйрөдө "Касап" деген каймана ат менен таанылган Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну, 1995-жылы туулган Т.Б. экендиги такталган.

Анын жүргөн жерин тактап, тергөөгө камсыз кылуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлгөн. Бирок, шектүү тергөөдөн изин жашырып, белгисиз жакта жашырынып жүргөн.

2022-жылдын 8-октябрь күнү Ош ШИИБнын тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 280-бер. белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Жогорудагы кылмыш иштин алкагында аталган кылмышка шектүү катары криминалдык чөйрөдө "Касап" деген каймана ат менен таанылган Ош облусунун тургуну, 1995-жылы туулган Т. Б.тин жүргөн жерин тактоо максатында комплекстүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында 2022-жылдын 8-октябрь күнү Ош шаарынын аймагындагы түнкү эс алуу клубдарынын биринде эс алып жаткан учурда кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери Ош ШИИБнын атайын операциялар отрядынын (СОБР) жардамы менен кармашкан. Шектүүгө кароо жүргүзгөн учурунда кылмышка далил буюм катары жанынан бычак жана жасалма 100$ АКШ доллары алынган.

Шектүү Ош ШИИБнын убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кылмышка шектүү мурда дагы 2018-жылы Кыргыз Республикасынын КЖКнын 234-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пунктунда каралган кылмыштын белгилери менен жоопко тартылган. Ал 2020-жылдан баштап Ички иштер министрлигинин атайын тизмесинде уюшкан кылмыштуу топтүн мүчөсү катары каттоодо турат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД