"Эркин Тоо" гезитине жаңы башкы редактор дайындалды

"Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору алмашты, деп билдирет министрлер кабинетинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, "Министрлер Кабинети жөнүндө" конституциялык мыйзамынын 18-беренесинин 2-бөлүгүнүн 22-пунктуна ылайык, Бахпурбек Аленов берген арызынын негизинде "Эркин Тоо" гезитинин башкы редактору кызматынан бошотулуп, анын ордуна Наралы Асанбаев гезиттин башкы редактору болуп дайындалды.

Тиешелүү чечимдерге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД