Астана шаарында КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйыны өтөт

Президент Садыр Жапаров 12-14-октябрда Астана шаарындагы бир катар жогорку деңгээлдеги эл аралык иш-чараларга катышат. Бул тууралуу президенттик администрациянын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

Сапардын алкагында мамлекет башчы 13-октябрда Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешменин 6-саммитине катышат. 14-октябрда КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Ошол эле күнү Президент "Борбор Азия – Россия" форматындагы 1-саммитке катышат.

Астана шаарындагы эл аралык иш-чаралардын алкагында өлкө лидерлери Азия регионундагы коопсуздук жаатында кызматташуу, КМШ алкагында соода-инвестициялык өнөктөштүк, "Борбор Азия – Россия" форматында өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД