Шанхайдагы Тонцзи университетинин окумуштуулары респиратордук вирустарды аныктагыч аппаратты ойлоп табышты, ал беткаптарга тагылат.
COVID-19га каршы Республикалык штабдан билдиришкендей, изилдөө материал таануу боюнча белгилүү Matter журналында жарыяланган.
Өздөрүнүн билдирүүчү жабдыгын сыноо үчүн, окумуштуулар аны атайын бөлмөнүн ичине илип коюп, COVID-19, чочко жана куш тумоосунун вирустук белоктору кошулган суунун тамчыларын абага чачыратышкан.
"Билдирүүчү атайын аппарат патогендери бар - ооруу жугузуп алган адам жөтөлгөндө чыгарган тамчылардан дагы ондогон эсе майда суунун микролитринин үлүштөрүн дагы аныктай алат экен", - деп айтылат маалыматта.
Окумуштуулар оору тууралуу белги жөнөтүлө турган телефонго жүктөлүүчү тиркемени түзүү калганын белгилешүүдө. Мындай белгини алгандан кийин, беткап ээси "жугуштуу компаниядан" өз убагында кетип кала алат.