Катарлык компания Кыргызстанда ГЭСтерди курууга кызыкдарлыгын билдирди

Кыргызстиандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Катар мамлекетине болгон расмий сапарынын алкагында "Power International" жана "UCC Holding" катар компанияларынын төрагасы Мутаз Аль-Хайят менен жолугушту. Бул тууралуу КР ТИМден билдиришти.

Жолугушууда компания башчысы Мутаз Аль-Хайят КР ТИМ башчысын компаниянын ишмердүүлүгү менен тааныштырды. Компания курулуш, мейманкана бизнеси, тамак-аш, оюн-зоок жана кызмат көрсөтүү тармагында иш алып барат.

Тараптар кызматташуунун келечегин, тактап айтканда, туризм, анын ичинде мейманканаларды жана оюн-зоок борборлорун куруу, айыл чарба, ошондой эле Кыргызстандын продукциясын Катар рыногунда илгерилетүү маселелерин талкуулашты.

Кыргызстандын ири гидроэнергетикалык потенциалын эске алуу менен, катарлык компаниянын жетекчиси ГЭСтерди курууга чоң кызыгуусун билдирди. Жээнбек Кулубаев буга байланыштуу инвестициялык жана башка долбоорлорду талкуулоону улантуу үчүн Мутаз Аль-Хайятты Кыргызстанга чакырды.

Өз кезегинде, Мутаз Аль-Хайят Кыргызстандын "Power International" жана "UCC Holding" менен кызматташууга кызыккандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындан ары практикалык иштерге даяр экендигине ишендирди.

Маалымат үчүн: "Power International Holding" - Мутаз Аль Хайят жана Рамез Аль Хайят тарабынан негизделген конгломерат. Топтун портфели беш негизги секторду камтыйт: курулуш; кыймылсыз мүлк; айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы, оюн-зоок жана меймандостук; кызматтарды көрсөтүү (тейлөө сектору).

"Power International Holding" туунду компанияларына ээ, алардын арасында "UCC Holding" курулуш компаниясы (курулуш жана инфраструктура). Бул компания Катарда Mall of Qatar, Banana Island, Lehwiya стадиону, Doha Sheraton мейманканасы жана конференц-борбор сыяктуу ири долбоорлорду ишке ашырган. Анын эл аралык долбоорлорунун арасында Мальдивадагы Waldorf Astoria мейманканасы бар. Ишканалар тобунда 65 миңден ашык адам иштейт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД