Нарында милиция студенттерге экскурсия уюштуруп берди

Нарын шаардык милициясы студенттерге экскурсия уюштуруп берди. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда,Нарын шаардык ички иштер бөлүмүнүн Балдар иштери боюнча инспекциясынын инспекторлору Нарын шаарындагы С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик универстетинин алдындагы педогогикалык колледжинин мугалимдери менен биргеликте 1- курстун студенттерине Нарын шаарындагы Борбордук Азия универстетинин кампусуна экскурсия уюштурушту.

Экскурсиянын жүрүшүндө студенттерди кылмыштуулуктан, ар кандай зордук-зомбулуктан алдын алуу максатында билимге умтулууга карата жакшы багыттар берилип жана ошондой өсүп келе жаткан муундун өзүн-өзү өнүктүрүү багытында мотивациялар болсун деп Борбордук Азия университетинин кызматкерлери студенттердин кызыккан суроолоруна жооп беришип баарлашууну жүргүзүлүп, университеттин ички окуу бөлмөлөрү менен таанышып чыгышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД