Шейшенбек Байзаков Эл аралык полиция ассоциациясынын конгрессине катышты

Генерал-майор Шейшенбек Байзаков Испанияда өткөн Эл аралык полиция ассоциациясынын 65-конгрессине катышты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалымата караганда, бүткүл полиция дүйнөсү жылдын эң маанилүү болгон пандемия окуясына байланып, анын кесепетинен Эл аралык полиция ассоциациясынын 65-конгресси эки жолу кийинкиге калтырылган. Күн тартибинде каралуучу суроолор, көйгөйлөр көп болгондугуна карабастан, аларды чечүүгө төрт гана күн берилген. Маданият жана спорт, социалдык маселелер, каржы боюнча туруктуу комиссиялардын отчеттору, ар кандай сынактардын жыйынтыгын чыгаруу маселелер каралган. Ал тургай ИИМдин Басма сөз кызматынын ардагери Сергей Сячиндин атайын фотоконкурска катышканын да Эл аралык полиция ассоциациясынын вице-президенти Кариакос Каркалистин (Греция) баяндамасында айтылган.

Жогорку ассамблеянын талкуусуна коюлган маселелердин кеңири тематикасына карабастан, бүгүнкү күндө делегаттардын көңүлү дүйнөдө болуп жатан согуш жана тынчтык окуяларына бурулду. Бул күнү эң маанилүү болгон "Саясаттан алыс болуу" мыйзамдык принциби ишке ашты.

Конгрессте Эл аралык полиция ассоциациясынын Кыргызстандагы секциясынын президенти, генерал-майор Шейшенбек Байзаков сөз сүйлөдү. Ал Кыргызстан акыркы 10 жылдан бери Эл аралык полиция ассоциациясынын (мындан ары – ЭПА) мүчөсү.

"Эл аралык полиция ассоциациясы – БУУнун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинде өзгөчө статуска ээ жана Европа Кеңеши, Америка мамлекеттеринин уюму жана Бириккен Улуттар Уюмунун Билим, Илим жана Маданият боюнча мекемеси (ЮНЕСКО) менен консультациялык статуска ээ, Европалык союздун полиция кызматы менен кызматташкан эл аралык өкмөттүк эмес уюм катары эсептелген бейөкмөт уюм. Ал өз катарына укук коргоо органдарынын азыркы жана отставкадагы кызматкерлерин бириктирет.

Эл аралык полиция ассоциациясынын негизги максаттары жана милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат: анын мүчөлөрүнө социалдык-укуктук жардам көрсөтүү, ар кандай маданий жана спорттук иш-чараларды өткөрүү, ар кайсы мамлекеттердин ардагерлери менен укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин ортосунда эл аралык кызматташтыкты жана маданий алмашууну өнүктүрүү, катышуучу-өлкөлөрдүн милициясынын алдыңкы тажрыйбасын үйрөнүү жана жайылтуу, ошондой эле укук коргоо органдарынын ыйгарым укуктарын жана милиция менен коомчулуктун ортосундагы мамилелерди жакшыртуу.

Кыргыз Республикасынын Эл аралык полиция ассоциациясынын мүчөлөрү тажрыйбалуу, ички иштер органдарында, прокуратурада, УКМКда олуттуу иш тажрыйбасы бар, укук коргоо органдарынын кадыр-баркын көтөрүү багытында эмгектенген ардактуу ардагерлер", – деп белгиледи Шейшенбек Байзаков.

Эл аралык полиция ассоциациясы полициянын кызматкерлери үчүн кызматта же пенсияда болсо да, наамына, кызматына, жынысына, расасына, тилине жана динине бөлбөстөн, достук бейөкмөт уюм болуп саналат.

2022-жылга чейин дээрлик 100 өлкөдөн 400,000ден ашуун мүчө бар, алардын 70 филиалдык улуттук секциялар. Эл аралык полиция ассоциациясы 1948-жылы Бириккен Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынган Адам укуктарынын жалпы декларациясында баяндалган принциптерди жактайт жана Бириккен Улуттар Уюмунун Экономикалык жана Социалдык Кеңешинде консультативдик (өзгөчө) статуска ээ, ошондой эле консультациялык статуска ээ. Америкалык мамлекеттер уюмунун жана ЮНЕСКОдогу статуска ээ.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД