Тажикстандын кол салуусу: 450 жарандын документтери калыбына келтирилди

Тажикстандын Баткен облусуна куралдуу кол салуусу учурунда 450 жарандын жоголгон же жабыркаган документтери бекер калыбына келтирилди. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министринин орун басары Айдарбек Мамбеткадыров билдирди.

Анын айтымында, документтер Баткен облусунун жашоочуларынын расмий түрдө аймактардагы калкты тейлөө борборлоруна кайрылуусунан кийин калыбына келтирилген. Ыкчам топтор документтерди калыбына келтирүүнүн тартиби боюнча консультация беришти.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 63 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД