Таласта малдар жол кырсыгына себепкер болсо, ээси жоопкерчиликке тартылат

Талас ОИИБдин Талас РИИБнин кызматкерлери тарабынан Тараз-Талас-Суусамыр автожолунда​ малдын катышуусундагы жол кырсыктарынын алдын алууда. Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Талас РИИБдин начальниги​ милициянын полковниги Артур Иманбеков​ Тараз-Талас-Суусамыр автожолунун​ жээгинде жайгашкан айылдардын тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн жайыт комитетинин өкүлдөрүнө, айылдык кенештин депутаттары, айылдын ​ активдүү элдерине ​ жолугуп жергиликтүү​ элге ​ үй жандыктарын кечкисин короодо кармашын айтып, ​ малдын катышуусунда кырсыктарды болтурбоого аракеттенүүдө.

Андан тышкары, жол кырсыгына жолдогу мал себеп болгондугун тастыкталса, мал ээсинен транспорт каражатынын ээсине келтирилген мүлктүк ​ зыяндын ​ ордун ​ толтураары​ талап кылынат. Ошондой эле адам өмүрүнө себеп болсо, кылмыш жоопкерчиликке чейин тартылаарын билдирди. Милиция кызматкерлери айыл тургундары​ менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө айыл өкмөт башчысына, ​ жергиликтүү кеңештин депутаттарына жана айылдын активисттерине кырсыктарды болтурбоого ​ ​ ​ ​ биргеликте иш алып барууга чакырды.​


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД