Кайгуул кызматы Жукеев-Пудовкин көчөсүнө автоунааларды токтотпоону эскертти

Кайгуул кызматы айдоочуларды Жукеев-Пудовкин көчөсүнө автоунааларды токтотпой турууну өтүнөт.

Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, 11-12-сентябрь күндөрү Жукеев-Пудовкин көчөсүнө токтотулган автоунааларды эвакуатор жүктөп кетмекчи.

11-12-сентябрь күндөрү Кыргызстанга келген Азербайжан Республикасынын делегацияларынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында шаардын борбордук көчөлөрүнө убактылуу чектөөлөр орун алууда. Ошого удаа эле бүгүн түнү жана эртең менен Жукеев-Пудовкин (эки тарабына тең) көчөсүнүн А.Токомбаев көчөсүнөн тартып, И. Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнө авто унааларды такыр токтотпой турууну Кайгуул кызматы өтүнөт. Түнкүсүн Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн жээгине калтырып кеткен авто унааларды эвакуатор жүктөп алып кетээрин алдын ала эскертет.

Ошондой эле шаардын баш көчөлөрүндө авто унаалардын айдоочулары авто унааларды токтотуу учурунда алдыңкы терезесине сөзсүз уюлдук телефонун калтырып коюшу зарыл.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД