Бишкекте кыргыз-азербайжан достук сейил багы ачылды

11-октябрда кыргыз-азербайжан достук сейил багынын ачылышы болду.

Сейил бактын ачылыш аземине Президент Садыр Жапаров жана Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев катышты.

Садыр Жапаров "Кыргызстан-Азербайжан" достук сейил багынын ачылышы эки өлкөнүн достук мамилелеринин жана бир тууган эки элдин тарыхый байланыштарынын саясий, экономикалык эле эмес, маданий-гуманитардык кызматташтыкта да чыңдалгандыгынын ачык жана айкын далили экенин белгиледи.

Өз кезегинде Азербайжандын Президенти Ильхам Алиев бул бактын ачылышынын символикалык мааниси бар экенин белгиледи. Ал Азербайжанга карата мындай мамиле үчүн азербайжан элинин атынан ыраазычылык билдирди. "Бул сейил бакта биз Президент Садыр Жапаровдун шаарды өнүктүрүү, борбордун жашоочуларына, ошондой эле Кыргызстандын башка шаарларынын жана айылдарынын тургундарына ыңгайлуу, жакшы шарттарды түзүү боюнча пландарын да көрүп турабыз" деди ал.

"Бүгүн кыргыз жеринде бул боордоштук сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө экенин дагы бир жолу көрүп турам" деп баса белгиледи ал.

Андан соң Кыргызстан менен Азербайжандын лидерлери сейил бакты көрүп чыгышты.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД