13-октябрда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

Эртең, 13-октябрда Бишкек шаарынын айрым райондоруна таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, эртең саат 9:00дөн 24:00гө чейин турак жайларда, мектептерде, мектепке чейинки балдар мекемелеринде, саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-тиричилик объектилеринде жана өнөр жайда суу өчүрүлөт. Суу "Гагарин" суутоптомолору жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.

Төмөнкү жерлерде суу токтотулат:

•Ала-Арча суусу - темир жол линиясы – Жибек Жолу проспектиси – Жаш Гвардия бульвары;

•Жаш Гвардия бульвары - темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү – Манас проспектиси.

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД