Арнабек уулу Азамат Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
"Конституциянын 71-беренесин жетекчиликке алып, "Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө" мыйзамдын 47-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык Арнабек уулу Азамат Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарынын мэри болуп дайындалды", - деп айтылат маалыматта.