Чаткалдагы шахтадан газ чыгып, 24 жаштагы жигит көз жумду

Жалал-Абаддын Чаткал районундагы шахтадан газ чыгып, 24 жаштагы жигит көз жумду. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Билдирүүгө караганда, 11-октябрда түнкү күнү саат 02:29дар чамасында Чаткал районундагы кен өндүрүүчү ишкананын инженери шахтада газ чыккандыгын кабарлаган.

"Шахта ичинде калган жаранды куткарууга тогуз куткаруучу тартылган. Тилекке каршы жеринен 24 жаштагы М. у. Т. аттуу жарандын сөөгү табылган", - деп айтылат маалыматта.

Куткаруучулар сөөктү алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД