Кадыркулов Украинадагы кыргызстандыктарды коопсуз жерде болууга чакырды

Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов элчилик Киевде штаттык режимде иштеп жатканын билдирди.

Ал Фейсбук баракчасында жарыялаган билдирүүдө Украинада кырдаал курч экенин, ракеталык-бомбалык соккулар өлкөнүн бүт аймактарында уланышы мүмкүн деген кооптонуу бардыгын белгилеген. Элчи бул өлкөдөгү кыргызстандыктарды коопсуз жерде болууга үндөгөн.

"Азыркы учурда кырдаал курч бойдон калууда, ракеталык-бомбалык соккулар Украинанын бүт аймактарында уланышы мүмкүн деген кооптонуу бар. Биздин элчилик, башка өлкөлөрдүн миссиялары менен катар Киев шаарында толугу менен штаттык түрдө кызматын аткарып жатат.

Биздин жарандар менен күнү-түнү байланыштабыз жана консулдук тейлөө үзгүлтүксүз аткарылууда. Украинадагы мекендештерибизге дагы бир ирет кайрылам – өмүрүңөрдү тобокелге салбагыла, жеке коопсуздук талаптарды аткарып, коопсуз жерде калууну улантыңыздар", – деп жазган Кадыркулов.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД