Улан Примов Жогорку Кеңештин вице-спикер кызматын тапшырды

Жогорку Кеңештин вице-спикери Улан Примов кызматын тапшырды. Ал бул тууралуу 12-октябрдагы парламенттин жалпы жыйынында билдирди.

"Өткөн жума жаңы төраганы шайладык. Баардыгыбыз бир фракциядан ("Ата-Журт Кыргызстан" фракциясы - ред.) болгондон кийин моралдык жоопкерчиликти сезип, төраганын орун басары кызматын тапшырып берүүнү чечтим", - деди ал.

Түштөн кийин жаңы вице-спикер шайлана турган болду.

Белгилей кетсек, 5-октябрда "Ата-Журт-Кыргызстан" фракциясынын төрагасы Нурланбек Шакиев Жогорку Кеңештин жаңы төрагасы болуп шайланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД