И.Арабаев университетинин имараттары мыйзамсыз ижарага берилип келген

И.Арабаев атындагы университеттин имараттары жана жер тилкелери мыйзамсыз ижарага берилиши боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Башкы прокуратура тарабынан мамлекеттик мүлктөрдү мыйзамсыз ижарага берилгендиги аныкталып, аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") менен кылмыш иши козголду.

Текшерүүдө И.Арабаев атындагы КМУнун жооптуу кызмат адамдары жана Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фонддун алдындагы "Аукциондук борбор" ММнин мурдагы башчысы С.И. тарабынан 2018-жылдан 2022-жылга чейин аталган окуу жайга караштуу мамлекеттик имараттарды жана жер участокторун эч бир келишим түзбөстөн, өздөрүнө пайда табуу максатында жеке жана юридикалык жактарга ижарага беришип, мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталган.

Белгиленгендей, бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД