Бишкекте жасалма доллар сатууга аракет кылган эки киши кармалды

Жасалма акча каражаттарын сатууга аракет кылган адамдар кармалды, деп билдирет Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы.

Билдирүүдө айтылгандай, республикага жасалма АКШ долларларын жеткирүү каналы аныкталып, бөгөт коюлду.

Ушул жылдын 10-октябрында Бишкек шаарында 5 700 АКШ доллары өлчөмүндөгү жасалма банкноттордун партиясын сатууга аракет кылган А.С.А. жана С.У.С. аттуу Кыргызстандын жарандары кармалды. Ошол эле учурда бул адамдар криптовалюта (электрондук акча) сатып алууну көздөгөндүгү аныкталган.

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 233-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту ("Акчаны жана баалуу кагаздарды жасалмалоо") боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, А.С.А. жана С.У.С. аттуу жарандар КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-97-беренелерине ылайык кармалып жана мындан аркы тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүү үчүн КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД