Нурланбек Азыгалиев Жогорку Кеңештин вице-спикери болуп шайланды

Кечээ, 12-октябрдагы парламент жыйынында депутаттар Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарын шайлашты.

Төраганын кызмат ордуна Нурланбек Азыгалиевдин талапкерлиги көрсөтүлүп, жашыруун добуш берүүнүн негизинде 81 депутат колдоду. Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.

Белгилей кетсек, буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов вице-спикерлик ордун тапшырып берген.

Нурланбек Азыгалиев 1970-жылы Фрунзе шаарында туулган. Билими жогорку. 1989–жылы Фрунзе атындагы совхоз- техникумун "зоотехник" адистиги боюнча аяктап, 1998-жылы Түркиядагы Эге университетинин "айыл чарба" факультетин, 2004-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.

2021-жылдын 28-ноябрында Жогорку Кеңештин VII чакырылышына №22 Жайыл бир мандаттуу шайлоо округунан депутат болуп шайланган.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД