Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди

Президент Садыр Жапаров кечээ, 12-октябрда, иш сапары менен Астана шаарына (Казакстан Республикасы) келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Мамлекет башчысынын учагы Нурсултан Назарбаев атындагы эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Алихан Смаилов тосуп алды.

Сапардын алкагында ал Азиядагы өз ара аракеттенүү жана ишеним чаралары боюнча кеңешмеге мүчө мамлекеттердин VI саммитине, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Мамлекет башчыларынын Кеңешинин кезектеги жыйынына жана "Борбор Азия + Россия" Мамлекет башчыларынын саммитине катышат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД