Ташиев Кыргызстан "Байрактар Акынжы" техникасын алганын билдирди

Кыргызстан Түркиядан учкучсуз учкан Bayraktar Akıncı (Байрактар Акынжы) техникасын алды. Бул тууралуу УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев өзүнүн Facebook'тагы баракчасы жазды.

""Акынжы" биздики! Боордош элибизге ыраазычылык! 12.10.22", - деп жазган Камчыбек Ташиев.

Бирок, Камчыбек Ташиев канча техника алынгандыгы тууралуу маалымат берген эмес.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД