Электрондук патентке онлайн төлөө үчүн төлөм шлюзунун иши жандандырылды

12-октябрдан тарта электрондук патент/полис үчүн онлайн төлөө үчүн төлөм шлюзунун иши жандандырылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирет.

Салык төлөөчүлөр электрондук патент/полис үчүн "Айыл Банк", "РСК Банк", "Кыргызстан" (МБанк) банктары, ошондой эле О!Деньги, Pay24 аркылуу төлөй алышат.

Электрондук төлөмдөр системасынын оператору "Инфосистемс" МИнин билдирүүсү боюнча, калган банктар жана төлөм уюмдары менен келишим түзүү жана аларды системага кошуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД