Кочкор-Атада мунай өндүрүүчү компаниянын өкүлдөрү кармалды

Жалал-Абаддын Кочкор-Ата шаарында мунай өндүрүүчү компаниянын өкүлдөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) маалымат кызматы билдиришти.

Салык кызматынын кызмат адамдарына, мунай жана жаратылыш газын өндүрүү үчүн скважиналарды бургулоо менен алектенген компаниянын өкүлдөрүнө карата Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши козголду.

Салык кызматы тарабынан салык мыйзамдарынын сакталышы боюнча жеринде пландуу текшерүү жүргүзүлүп, анын жыйынтыгында мунай өндүрүүчү компанияга карата 207 млн сомго жакын салык төлөөдөн качуу фактылары аныкталган.

Тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө бир нече компаниялардын иш-аракеттерин координациялоо бир адамдын, Кытайдын жаранынын жетекчилиги тарабынан ишке ашырылып, товарларды жалган жеткирүү, ошондой эле жумуштарды жана кызматтык көрсөтүүлөрдү аткаруу өз ара байланышкан ишканалардын ортосунда документтештирилгендиги аныкталды.

Үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, аталган ишканалардын ортосундагы байланыш жана алардын бири-бирине тиешелүүлүгү аныкталган. Иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган 60 млн сомго жакын зыяндын бир бөлүгү мамлекетке өндүрүлгөн. Калган келтирилген зыянды тез арада төлөп берүүлөрү пландалууда.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД