Астанада Жапаров, Путин жана Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу өтөт

Астана шаарында (Казакстан Республикасы) эртең, 13-октябрда, Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Россиянын президенти Владимир Путин жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун үч тараптуу жолугушуусу болот.

Президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдиргендей, анда мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги көйгөйлүү маселелерди талкуулоо пландалууда.

"Биргелешкен жолугушуу Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселелерин чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даярдыгын билдирген россиялык лидер Владимир Путиндин демилгеси менен уюштурулган", - деди Султанбаев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД