Постковиддик синдромдон улам миллиондогон адамдар майып болуп калган

Изилдөөлөр постковиддик синдромдон улам миллиондогон адамдар майып болуп каларын көрсөттү. Бул тууралуу COVID-19га каршы республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Вашингтон университетинин окумуштуулары оорунун азайганына карабастан, постковиддик синдрому бар адамдардын саны дүйнө жүзү боюнча өсүп гана жатканын көрсөтүштү.

Изилдөөлөрдүн жыйынтыктары пандемиянын алгачкы эки жылында COVID-19 менен ооруган адамдардын 6,2% үч ай өткөн соң постковиддик синдромдун бир белгиси болгон. Бул бейтаптардын 15% жыл өткөндөн кийин деле ооруган абалда калышкан.

Бул сан аз сезилгенине карабастан, дүйнө жүзү боюнча бүгүнкү күндө 620 миллиондон ашуун жуктуруу учурлары ырасталганын эскерте кетүү керек. Бул кеминде 38 миллион адам постковиддик синдромдон жабыркашы мүмкүн дегенди билдирет, бул абал майыптыкка алып келет.

Эмдөө гана COVID-19дун өтүшүн жеңилдетүүгө жана постковиддик синдромдун өнүгүү ыктымалдыгын азайтууга шарт түзөт.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД