Түптө жол сакчылары мал ээлерине жол кыймыл эрежелерин сактоону эскертишти

Түп районунда жол сакчылары мал ээлерине жол кыймылынын эрежелерин сактоону эскертишти. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, күз мезгилинин келиши жана райондун тургундарынын мал-жандыктары жайлоодон кайткандыгына байланыштуу, малдын дээрлик саны автожолдордун боюнда кароосуз оттоп жүргөндүгүн байкоого болот. Айрым учурларда мал унаа жолго чыга калгандыктан, жол кырсыктардын орун алышына өздөрүнүн кедергесин тийгизүүдө. Ушундан улам, Түп райондук ички иштер бөлүмү боюнча жол кыймылынын коопсуздугунун камсыздоо бөлүмчөсүнүн кызматкерлери райондун ар бир айылдарында болушуп, мал ээлери менен түшүндүрүү иштерин өткөрүүдө.

Түп РИИБи боюнча ЖКККБнын жетекчиси Ринат Чоштокеевдин айтымында, жол кыймылынын эрежесин сактоого айдоочулар да, мал ээлери да милдеттүү. Малдарды кайсыл жерге жаюуга тыюу салынары, жол кыймылынын эрежесинин 24.5-пунктунда так көрсөтүлгөн. Анда, эреже катары, малды жол аркылуу күндүзү айдоо керек. Жергиликтүү маанидеги жолдорду кошпогондо, аларды унаа өтүүчү жолдордун боюна жана газондорго жаюуга тыюу салынат. Мал айдагандар малды мүмкүн болушунча жолдун оң жагына жакын айдоого тийиш деп белгиленген.

"Жолдун чет жакасындагы бою жолдун категориясына жараша болот. Мисалы, Түп-Кеген унаажолу 3-категорияга киргендиктен, жолдун туурасы 7 метрди түзөт. Демек, жолдун бою 14 метр болуп саналат. Дал ушул тилкеде мал жаюуга тыюу салынат. Мал ээлери менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө, мыйзамдарыбызда жана нормативдик актыларда көрсөтүлгөн талаптарды жеткирип, аларды аткарбоо үчүн кандай жоопкерчиликтер каралгандарын түшүндүрүп жатабыз", - деп жыйынтыктады Р. Чоштокеев.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД