Кайтаруу жана күзөтүү департаментиндеги казарма 15 күндө жабдылып бүттү

Кайтаруу жана күзөтүү департаментинин жоокерлери үчүн казарма 15 күндүн ичинде жабдылып бүттү. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Жаза аткаруу кызматынын Кайтаруу жана күзқтүү департаменти бир нече жумада эле жоокерлер үчүн турак жайды тартуулады. Ыңгайлуу шарттарда кызмат өтөө да жагымдуураак эмеспи.

Степное айылындагы No2 аялдар абагынын жанында жайгашкан ДОКтун 3-атайын батальону жайгашкан жерде кошумча казарманын ачылышына карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү.

Өздүк курамдын, офицерлердин жана прапорщиктердин алдында сүйлөгөн сөзүндө ЖАКнын төрагасы, и/к генерал-майору Аскат Эгембердиев ведомстводо жүргүзүлүп жаткан реформалар жана жаза-аткаруу тутумун өнүктүрүүнүн мындан аркы перспективалары тууралуу кеңири айтып берди. Ошондой эле аскер кызматчылары үчүн эркиндигинен ажыратуу жайларында коопсуздукту камсыз кылуу, тартиптин, сергектиктин жана жоопкерчиликтин маанилүү экенин белгиледи.

Команданы оңдоп-түзөөдөн өткөн казарманын ачылышы менен куттуктап, ЖАКнын төрагасы өзгөчө айырмаланган аскер кызматкерлерин медалдар жана төш белгилер, Ардак грамоталар жана ыраазычылык баракчалар, жаңы аскердик наамдар жана материалдык сыйлыктар менен кубаттады.

Ардагерлердин "Сый-Урмат" коомдук бирикмесинин өкүлдөрү да четте калбай, белектерин тапшырышты. Андан соң жоокерлер үчүн ыр-бийлер менен шаңдуу концерти тартууланды.

ДОКтун башчысы, аскер полковниги Улан Бердикожоев фотостенд көрсөттү, анда эски имаратты реконструкциялоо, кеңейтүүлөрдүн көрүнүшү, дубалдарды бекемдөө ж.б.у.с интенсивдүү иштердин бардык этаптарын көз менен көрүүгө болот. Андан соң коноктор уктоочуу жайлуу бөлмөлөр менен таанышышып, анда улуттук салт боюнча тоо арчасынын күйүп жаткан бутактарынын жардамы менен байыртадан келген ысырыктоо жөрөлгөсү жасалып, бата айтылды.

Кийинки этаптарда казармада откана, жылытуу, кампа, душ, жуунучу бөлмө жана футбол аянтчасы жана спорт аянтчасы пайда болот.

Андан соң капиталдык ремонттон өткөн ашканада бардыгына майрамдык сый тамак уюштурулду.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД