Таластагы жатак абак активдүү түрдө жакшыртылууда. Бул тууралуу ЖАКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Талас шаарындагы №39 мекемеде кызматкерлердин мындан да натыйжалуу иштеши үчүн бардык шарттарды түзүү жана жакшыртуу иштери улантылууда.
Мындан тышкары, соттолгондордун өздөрү үчүн жакшы шарттар – жаңыланган душ бөлмөсү жана жуунучу бөлмө пайда болду.