Жашыл энергетика Токмок интернатындагы абалды кандай өзгөрттү?

Токмоктогу №2 психоневрологиялык социалдык стационардык мекеме 1933-жылы ачылган. Ошол кезде интернаттын муктаждыктары үчүн ысык суу казандарда отко жылытылары болжолдонгон.

Интернатка ысык суу берүү борборлоштурулган система аркылуу каралган эмес. Ал учурда мындай жабдуулар дагы эле жок болчу.

Мекеменин директору Бурул Туманованын белгилегендей, учурда интернатта 250 адам жашайт.

"Интернатка "Эл-Ди-Эс Черитиз" кайрымдуулук фонду көп убакыттан бери ар тараптуу жардамдарды көрсөтүп келе жатат. Фонд интернатка жабдуулар, чоң-чоң эмеректер, кийим-кечелер, жашылча-жемиштердин көчөттөрү жана башка нерселер менен жардам берген.

Былтыркы жылдагы эң чоң долбоор интернатка күн коллекторлорун орнотуу болду. Бул долбоордун ишке ашуусун биз үчүн абдан жакшы жардам деп эсептейбиз. "Эл-Ди-Эс Черитиз" бизге гана эмес, өлкөдөгү көптөгөн башка социалдык мекемелерге да жардам берип келет. Ошон үчүн фондго ыраазычылык билдиребиз", - деди ал

Кийин интернатта электр суу жылыткычтары орнотулган. Бул жылыткычтар көп электр энергиясын талап кылгандыктан, аны төлөө мекеменин бюджетине оорчулук жараткан.

Эксперттер тарабынан мекеменин суу тутумун жылытуу үчүн гелиосистема комплексин орнотуу менен көйгөйдү чечүүнүн техникалык жолу табылган.

"Эл-Ди-Эс Черитиз" кайрымдуулук фонду өз өнөктөштөрү менен биргеликте Токмок психоневрологиялык үй-интернатынын 4 турак корпусуна, мончого жана ашканага күн менен сууну жылытуу системасын орнотту.

Мекеменин директору Бурул Туманованын айтуусунда: "Мурда интернатта сууну жылытуу үчүн 2 "Аристон" гана болчу. Ал дагы мончого гана туташтырылган эле. Жылуу суу 3-4 киши жуунганда түгөнүп калчу. Былтыр бизге күн коллекторлору орнотулду. Ал өзү татаал система экен. Ал күндүн нурун сиңирип, жылытуу системасына жөнөтүп, энергияны бакка топтойт. Бакка болсо 1 тонна ысык суу батат. Биз эми күнү-түнү ысык суу менен камсыз болдук. Кышында, мисалы быйыл кандай катаал, суук кыш болгонуна карабастан, коллекторлор күндүн нурун сиңирип, биз жылуу суу менен дайыма камсыз болуп турдук. Бул чынында сонун система экен."

Күн жылытуу системасы долбооруна чейин "Эл-Ди-Эс Черитиз" фонду Токмоктогу №2 мекемеге корпустардын ичиндеги эмеректерди, ашкана гарнитурун, жол килемдер менен чоң килемдерди алып берген. Мындан тышкары, жаңы корпус курулганда төшөнчү, жаздыктар менен камсыз кылып, кир жуугуч жайга да заманбап жабдыктарды орнотушкан.

Фонд тарабынан берилген бул жардамдар интернатта жашаган 250 адамдын санитардык-гигиеналык абалын жакшыртууга өбөлгө түздү.

Эми орнотулган күн системасынын жардамы менен интернат электр энергияга болгон чыгымдарын 70%га кыскартып, тышкы энергия булактарына азыраак көз каранды болуп калды. Бейтаптардын күндөлүк жашоосунда ыңгайлуулук жаралып, ашкана менен кир жуучу жай да ысык суу менен камсыз болду.

Бурул Туманова Токмоктогу №2 мекеме мындан ары "Эл-Ди-Эс Черитиз" фонду менен кызматташууну улантарына ишеним билдирди.

Айта кетсек, долбоорду Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги демилгелеп, аны "Эл-Ди-Эс Черитиз" фонду "АДРА-Кыргызстан" уюму менен биргеликте жүзөгө ашырды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД