Өтмөк ашуусунда жүк ташуучу унаа көпүрөдөн кулап, бир адам жабыркады

Өтмөк ашуусунда жүк ташуучу унаа көпүрөдөн кулап, бир адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-октябрда саат 19:00дөр чамасында Өтмөк ашуусунда DAF үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаасы менен Toyota Surf унаасынын катышуусунда жол кырсыгы катталган. Оор жүк ташуучу унаа көпүрөдөн кулап, бетон шакекчелер жолдун бир тарабын тосуп калган.

Жерине төрт куткаруучу тартылып, жолду тосуп калган бетон шакекчелерди алууга көмөк көрсөтүшкөн.

Кырсыктын кесепетинен 33 жаштагы Т.Б. аттуу эркек киши жабыркап, тез жардам кызматы аркылуу ооруканага жеткирилген.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД