Жалал-Абадда токой чарбасынан мыйзамсыз отун алган жарандар кармалды

Жалал-Абадда токой чарбасынан мыйзамсыз отун алган жарандар кармалды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусундагы Кара-Алма-Урумбаш токой чарбасынын аймагында жүргүзүлгөн рейд учурунда К.А жана Ж.у.К аттуу жарандар Hyundai Porter үлгүсүндөгү эки жүк ташуучу унаа менен мыйзамсыз отун алып чыгып кетип бара жаткан жеринен кармалышкан.

Текшерүү учурунда айдоочуларда токой чарбасынан алынган эч кандай уруксат кагаздары болгон эмес. Чогулган материалдар укук коргоо органдарына өткөрүп берилди.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД