Бишкекте жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, качып кеткен айдоочу кармалды

Бишкекте жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүзүп, кырсык болгон жерден качып кеткен айдоочу кармалды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 10-октябрда 02:00дө белгисиз айдоочу Кустанай көчөсү менен түндүктү көздөй бара жатып жөө өтмөктөн 40-45 жаштардагы эркек адамды сүзүп, окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

"Кийин шектүү Mercedes-Benz Vito унаасынын айдоочусу В.М. кармалып, камакка алынды", - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Бишкек ШИИББдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.


Сообщи свою новость:     Telegram    Whatsapp

НАВЕРХ  
НАЗАД