Бишкек шаардык кайгуул кызматкерлери 9 айдын ичинде 484 кылмыш фактысын аныктап, ага шектүүлөрдү жакынкы милиция бөлүмдөрүнө жеткиришти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Алардын ичинен:
-Адам өлтүрүү - 6;
-Адам уурдоо – 6;
-Каракчылык – 8 ;
-Тоноо -25 ;
-Уурдоо-52;
-Бейбаштык – 288;
-Зордуктоо- 10;
-Денеге залал келтирүү -37 ;
-Авто унаага мыйзамсыз ээлик кылуу -9 ;
-Алдамчылык -9 ;
-Баңги зат -1 ;
-Курал жарак - 2 ;
-Бирөөнүн мүлкүн талкалоо – 7;
-Башка кылмыштар -24 .